Стилдердин таблицалары
Котормолор тууралуу /
котормочуларга кеңештер

Берилген документ "Web Style Sheets About the translations / hints for translators". макаласынын котормосу болуп саналат.
Документтин түпкү нускасы W3C http://www.w3.org/Style/translating сайтында гана сакталат.
Бул котормо W3C сайтынын официалдуу документи болуп эсептелет.
Бардык автордук укуктар W3C таандык.
Берилген документте котормодон жана басып чыгаруудан кетирилген каталар болушу мүмкүн.
Автор: Вячеслав Ким (Бардык котормолор авторго таандык)
Локалдык түрү: http://misterkim.org/w3/style/translating.html

(Эта страничка использует каскадные таблицы стилей CSS)

Котормолор тууралуу

Котормолрдун орун алуусу

Котормочуларга атайын айтылуучу сөз

Стилдерди пайдалануу

Тилдик жасалгалоо

Белгилерди кодировкалоо

Автордук укуктар жана белгилер

Тилдик келишимдер

"НТМL пайдалануу"

Котормолор тууралуу

СSS – баракчаларынын котормолору, W3C Web –caйтындагы башка көпчүлүк котормолор сыяктуу эле ыктыярдуулар тарабынан ишке ашырылат. Кээ бир котормолор жогорку сапаттуулугу менен айырмаланса, кайсы бирлери начар болушу да мүмкүн. Котормолор баракчалардын англисче вариантына салыштырмалуу бир топ эскирип да калышат. Эгерде сиз атайын техникалык котормолорду издесеңиз, бул котормолордун базасы сиз үчүн табылгыс орун болуп саналат. Буга окшош башка баракчалардын котормосу, убакыттын өтүшү менен алмаштырылып турат да, эреже катары, англисче баракчалардын оригиналы менен тыгыз байланышта болуп, маалыматтар базасында туруктуу орун ала албайт. Эгерде сиз маалыматтар базасында кандайдыр бир каталарды аныктасаңыз, бул тууралуу бизге сөзсүз кабар берүүңүздү өтүнөбүз bert@w3.org.

Бардык котормочуларга чоң ыракмат!

Котормочуларга атайын айтылуучу сөз

Эгерде сиз бир же бир нече баракчаларды которгуңуз келсе, сизден өтүнөөрүбүз, котормочулардын архивдик мейл- баракчасына электрондук кат жөнөтүп <w3c-translators@w3.org>, бул тууралуу бизге кабарлап койсоңуз.

Сиз сөзсүз адис котормочу болушуңуз талап кылынбаса да, биз, жалпысынан сиздин эне тилиңиздеги котормонун эң мыкты сапатын кубаттайбыз. Автоматтык түрдө которулган тексттер өтө төмөнкү сапатта болгондуктан, аларды бизге жибербей эле койсоңуз деп өтүнөбүз.

Котормолрдун орун алуусу

Котормолордун көпчүлүк бөлүгү W3C сайтында орун ала албайт . Эгерде сиз котормоңузду өзүңүздүн веб- сайтыңызга жайгаштырган болсоңуз, биз сиздин котормолоруңузга шилтеме беребиз. Бирок сиз котормоңуз W3C сайтында орун алуусун кааласаңыз , биз ошол сайтта жайгаштыра алабыз.

Биз туруктуу шилтемелерди жасоону жактырабыз, ошондуктан сиздин котормоңуздун алган орду өзгөрүлүп же таптакыр жок болуп кетишин каалабасаңыз URI, W3C сайтына жайгаштыруу үчүн бизге жөнөтүнүңүз.

Стилдерди пайдалануу

Бул иш- аракет эгерде котормо жана оригинал бирдей тектерге ээ болгон окурмандар үчүн бир топ жеңил болот.Мындай учурда котормо менен оригинал бирдей, окшош стилдерди пайдалана алышат дегенди билдирет. Муну ишке ашыруунун эки ыкмасы бар:

  1. w3.org сайтынан стилдердин оригиналдуу файлына таянуу.
  2. Туура келген стилдерди сиздин өздүк сайтыңызга түшүрүү.

Эгерде сиз w3.org.сайтындагы стилдердин файлына шилтеме жасасаңыз, сиз салыштырмалуу шилтемелерди , туруктуу шилтемелерге алмаштырып:

<link rel=stylesheet title="Gold + navbar"
  href="threepart-f.css"...

алышыңыз зарыл

<link rel=stylesheet title="Gold + navbar"
  href="http://www.w3.org/Style/threepart-f.css"...

Стилдердин таблицасындагы бул эрежелердин айрымдары тилдик комбинацияларга көз каранды болушат. Маселен, сиз оң мамычанын жогорку бөлүгүнөн көрүп турган “Local links” сөзү стилдик таблицадан алынган. Демек, сиз стилдин локалдык көчүрмөсүн жасаган болсоңуз, бул сөздөргө туура келген котормолорду threepart.css файлына кирип, тапсаңыз болот.

Бул эрежелерди пайдалануу төмөнкүлөрдү аткарууну талап кылат:

div.map:lang(en):before {content: "Local links"}

“en” сиздин тилиңиздин коду( кийинки параграфты караңыз) тырмакчадагы текст- тексттин котормосу болуп саналат.

Эгерде сиз W3C сайтындагы стилдер таблицасын колдонсоңуз, бул сөздөрдүн сиздин тилиңиздеги жазылышын негизги стилдердин таблицасына киргизүү үчүн мага билдирип коюшуңузду суранамын.

Айрым учурларда стилдердин таблицасындагы өзгөрүүлөр атайын тилдер үчүн керектелет.

Тилдик жасалгалоо

Веб-баракчаларындагы тексттердин бардыгы, эреже катары, текст жазылган тилдеги маркировкасы болууга тийиш. W3C сайтындагы стилдерди пайдаланган баракчалар үчүн бул өзгөчө маанилүү, анткени СSS айрым эрежелери тилге көз каранды абалда болушат.

Эң жок дегенде, баракчалардын “doctype” сабынан кийин гана башталган сабы болушу зарыл:

<html lang="xy">

мындагы “xy” белгисин эки тамгадан турган сиздин өлкөңүздүн коду менен алмаштыруу керек. Эгерде сиздин өлкөңүздүн эки тамгалуу коду болбосо, анда үч тамгалуу кодду пайдаланыңыз.

Мында түрдүү тилдердеги сөздөрдүн өзгөчөлүктөрүн белгилөөгө байланыштуу тегин өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкпаган болсо, которулуп жаткан текст менен анын оригинал документи негизинен бир тектүү болушу керек.

Белгилерди кодировкалоо

Эгерде сиз баракчалардын котормолорун өзүңудүн веб-сайтыңызга жайгаштырууну белгилеп жаткан болсоңуз (котормочулардын көпчүлүгү жасагандай), бул бөлүм сиз үчүн даярдалган болот.

Эгерде документтеги кодировка туура эмес көрсөтүлсө, текст да туура эмес берилиши мүмкүн. Белгилерди кодировкалоо байттар боюнча ишке ашырылышы мүмкүн жана браузер туура кодировкалоону билбесе, анда белгилерди башка тамгалар менен алмаштыра алат. Колдонуучу тарап документтин кодировкасын өз алдынча белгилей ала тургандыгына карабастан, браузердин да ошол замат туура кодировкалоону белгилегени жакшы болот.Туура белгиленген кодировкасыз документ валиддүү боло албайт.

Адаттагы кодировкалоо- бул ASCII, ISO- 8859-1, UTF-8 жана Windows-1252, муну менен бирге башка варианттар да болушу мүмкүн. Сиз документти жазып жаткан болсоңуз, кодировкалоо сиздин учурдагы же UTF-8 кодировкасына туура келгени максатка ылайыктуу болот.

Браузерге документти туура кодировкалоону көрсөтүүнүн эки жолу бар. Эң жакшы ыкма катары бул браузер документти талап кылган учурда, Веб- сервер ошол замат документтин кодировкасын таап бериши болуп саналат.

Эгерде Веб сервер туура багытталган болсо – анда сиз документти серверге жүктөө менен гана чектелесиз. Сиз Веб сервер кодировкалоону туура же туура эмес берип жаткандыгын W3C тектик Валидаторунун жардамы менен биле аласыз. Ал эгерде кодировкалоо туура эмес берилсе, же жок болсо көрсөтүп берет.

Эгерде сиздин Веб сервериңиз туура кодировкалоону бере албаса же сиз аны керектүү аракетке багыттай албасаңыз – документти кодировкалоону түз эле документтин өзүндө көрсөтсөңүз болот.

Муну сиз HEAD документине дага бир сапты кошумчалоо менен жасай аласыз:

<meta http-equiv="Content-type"
  content="text/html;charset=utf-8">

“utf-8” ордуна документти туура кодировкалоо менен алмаштыруу зарыл (эгерде ал utf-8 болбосо).

Документти кодировкалоо тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн W3C эл аралык бөлүмүнүн белгилерди Кодировкалоо темасын карасаңыз болот.

Автордук укуктар жана белгилер

W3C автордук укуктары кайсы бир тараптардын документтерди которуусуна жол берет, бирок ошону менен бирге айрым бир чектөөлөр киргизилген. Кыскасы, котормонун оригиналдуу булагын так көрсөтүп, W3C тарабынан бул котормону кайталап басууга жол берсеңиз, сиз котормо жасай беорсеңиз болот.

Караңыз, айрыкча, 5-7 бөлүмдөрү IPR FAQ.

URL пайдаланылууга тийиш .html (жок http://www.w3.org/foo деген http://www.w3.org/foo.html). Тилдик келишимдер тууралуу төмөндө берилет.

Тилдик келишимдер

Көпчүлүк учурда W3C Веб сервери документтерди англис тилинде кайтарып берет жана которулган документтерди колдонуучу ылайыктуу линкке чакырууну чындап каалаган учурда гана чагылдырып берет. Айрым учурларда бардыгы тескерисинче болот. Веб сервер документти колдонуучунун тилинде ошол замат берип, ал эми англис тилиндеги документти атайын аракеттерден кийин гана кайтарат.

Колдонуучуга анын тилиндеги баракчаларды автоматтык түрүндө кайтарып берүү НТТР башкы фишкасы болуп эсептелет жана тилдик келишим деп аталат. Бул процесс ушул сайтта кандайча иштей тургандыгы төмөнкүдөн көрүнөт, ар бир өзүнчө документ бул бардык котормолордун линки камтылган өз алдынча URL болуп эсептелет. Биздин учурда бул URL .html кеңейишин токтотуу аркылуу гана калыптанат: эгерде бизде англис тилиндеги документ http://www.w3.org/foo.html болсо, анда негизги URL бул http://www.w3.org/foo.

Эгерде колдонуучу линкке негизги документти чакыртса, сервер мындай учурда колдонуучу тандаган тилге токтойт жана аны болгон документердин тизмеси менен салыштырат. Ошондон кийин гана керектүү документти кайтарып берет.

Көпчүлүк браузерлер колдонуучунун тандаган тили менен бир топ аракеттерди айкалыштырууга мүмкүндүк беришет, бирок негизги тил бул браузердин менюсунун тили болуп эсептелет.

Иш жүзүндө эгерде сиз түздөн түз документтин англисче вариантына шилтеме жасагыңыз келсе, сиз аягында .html көрсөтүшүңүз керек болот.

Жогоруда мен көрсөткөндөй, көпчүлүк учурда W3C сервери URL аягында .html көрсөтүлбөсө да , англисче документти кандай болбосун кайтарат, бирок айрым учурларда тилдик келишим ишке киришет да, сервер URL котормосун берет.

НТМL пайдалануу

Котормолор бардык веб – документтер сыяктуу эле чындап аракетте болушу керек: алар НТМL жана СSS өзгөчөлүктөрүн өз багытында пайдалануусу зарыл. W3C валидаторлору документтердеги каталарды текшерип туруу үчүн иштетилиши мүмкүн: W3C тектик валидаторлору НТМL бөлүктөрү үчүн жана СSS валидаторлору СSS бөлүктөрү үчүн.

Мындай документтердин көпчүлүк браузерлерде учурда жана келечекте жакшыртылып көрсөтүлүп турууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгү болот.

Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн W3C Котормолор бөлүмүн караңыз.

CSS Valid
CSS!

Bert Bos, CSS contact
Last updated $Date: 2009/07/22 14:23:06 $ GMT

Copyright  © 1997-2009 W3C (MIT, ERCIM, Keio)