Берилген документ "Don't use “custom DTDs”!". макаласынын котормосу болуп саналат.
Документтин түпкү нускасы W3C http://www.w3.org/Style/customdtd сайтында гана сакталат.
Бул котормо W3C сайтынын официалдуу документи болуп эсептелет.
Бардык автордук укуктар W3C таандык.
Берилген документте котормодон жана басып чыгаруудан кетирилген каталар болушу мүмкүн.
Автор: Вячеслав Ким (Бардык котормолор авторго таандык)
Локалдык түрү: http://misterkim.org/w3/style/customdtd.html
W3C стилдеринин баракчасы <blink> элементин өзүнө камтыйт. <blink> НТМL элементи болуп эсептелбейт жана мындан сырткары айрым НТМL валидаторлору боюнча мындай баракча коррективдүү, оңдоп түзөтүүгө ыңгайлашкан болот. Иштин маңызы эмнеде?
Иш жүзүндө баракча сүйлөм түзүлүшү же синтаксистик жагынан өзгөрмөлүү , ошондуктан документте элемент катары гана көрсөтүлгөн. Ал мындай сапатта өзүн талаптагыдай көрсөткөнчө, SGML/ XML ылайык өзгөрмөлүү болуп кала берет.
Бул семантикалык эмес көрүнүш катары мүнөздөлөт. Мындай өзгөрмөлүү баракча SGML документи гана болгондуктан, НТМL документи болуп эсептелбейт. <blink> түпкү маанисин аныктаган официалдуу үлгүлөр жок.
W3C стилинин баракчалары стандарттуу эмес элементтерди объект катары пайдаланышат. Эгерде Сизге СSS тарыхы белгилүү болсо, СSS пайда болушу да браузерлердин <blink> сыяктуу өзүнүн стандарттуу эмес элементтерин колдонууну алдын алууга умтулуудан келип чыкканын билесиз.
Стандарттуу эмес элементтерди кошуу техникалык жагынан «колдонуучу DTD» жазууну жана аны документтин биринчи линиясына киргизүү жолу менен ишке ашырылат (DОСТҮРЕ). Колдонуучу DTD ,мисалы , HTML4 DTD көчүрүү же аны модификациялоо менен жасашы мүмкүн.
Муну жасабагыла! Анткени документтер синтаксисттик туура түзүлүшкө ээ болгондой эле , негизги мааниге да ээ болууга тийиш. SGML/XML болгону маалыматтын түзүлүш структурасын аныктайт, ал эми НТМL жана XНТМL гана маани берүүчү касиетке ээ болушат.Эгерде сиз стандарттар менен аныкталбаган элементтерди кошумчалаган болсоңуз, алардын кандай мааниге ээ болгондугун сиз гана билишиңиз мүмкүн. Сиз бул белгилер жөнүндө 20 жылдан кийин таптакыр эсиңизден чыгарып коёсуз…
Демек , Сиз келечектеги веб- стандарттар менен иштеп , эксперимент жүргүзүшүңүз мүмкүн , бирок жекече элементтерди колдонбоңуз.